14:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ШКУ. Ооганстандын президенти Кыргызстанга келди

Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

«Манас» эл аралык аэропортунан Ооганстандын президентин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби