17:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ооганстанда жоочулардын соккусунан ондогон аскерлер набыт болду

Ооганстандын Кундуз провинциясындагы удаалаш кол салуулардын жыйынтыгында ондогон ооган аскерлери мерт болду. Сокку үчүн жоопкерчилик «Талибан» кыймылына жүктөлдү.

«Биз жоготууга учурадык. «Талибан» дагы жоготууларга учурады», — деди France-Presse агенттигине Ооганстандын коргоо министринин маалымат катчысы Мохаммад Радманиш. Ал талибдерге каршы абадан жана кургактан операциялар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жооптуу аскер кызматкерлеринин билдирүүлөрүнө караганда, жоочулар түнкүсүн көрүүчү жабдууларды колдонуп, артиллериялык аткылоолорду жүргүзүшкөн.

«Түнкүсүн көрө турган жабдуубуз жок болгондуктан, талибдер билгизбей жоокерлерге жакын келе алышат», — деди Ооганстан армиясынын кол башчыларынын бири.

Талибдер америка өндүрүшүнөн чыккан «Хамви» унааларын, курал-жарактарды, атайын жабдууларды, анын ичинде түнкүсүн көрүүчү каражаттарды мыйзамсыз алуу менен согуш мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүшүүдө.

Чабуулдардын кесепетинен набыт болгондордун так саны тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок Associated Press жана France-Presse агенттиктери өз булактарына таянуу менен билдиргендей, коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 30-40 кызматкери өлүп, андан дагы көбү түрдүү жаракат алышы.

Эң көп окулган жаңылыктар