13:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Голливудда Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу тасманын бет ачары болду

Голливудда тажик актеру жана продюсери Жайхун (Жеймс) Насиминин «Багынбас» (“Unfallen”) тасмасынын премьерасы болду. Анда Тажикстандагы жарандык согуштун кесепеттери тууралуу айтылат.

Жайхун (Жеймс) Насиминин билдиришинче, “Unfallen” - Тажикстандагы жарандык согуш ажыраткан бир туугандар Рустам менен Сухробдун баштарынан өткөргөн окуясын баяндайт. Согуш аяктагандан бир канча жыл өткөн соң алар Ооганстанда кезигишет — бири талиптердин, экинчиси ооган аскерлеринин тарабында согушуп жүргөн болот.

«Батышта чыгыш элдери тууралуу жаңылыш стереотип жашап келет. Мен аларга жаман диндин, же жаман улуттун жоктугун, болгону тигил же бул дин менен улут тууралуу жаман ойлорду калыптандыра турган адамдардын бар экенин айткым келет», — деди тасманын режиссеру, сценарийинин автору жана башкы каармандын ролун жаратуучу Жайхун Насими.

Тасманын айрым көрүнүштөрү Тажикстанда тартылган. Бирок Ооганстандагы коопсуздук абалына байланыштуу, согуш тууралуу эпизоддорун АКШнын Вашингтон штатында тартууга туура келген. Башкы ролдордун бирин «Кутурган иттер», «Донни Браско», «Биллди өлтүрүү» өңдүү тасмалардагы ролу менен белгилүү актер Майкл Мэдсен аткарды. Андан тышкары тасмага голливуд жылдызы Жеймс Хонг дагы катышкан.

Жайхун Насими 2000-жылдан бери Голливуда иштеп, бир канча тасмага, анын ичинде Оскарга ээ болгон «Операция Арго» тасмасында эпизоддук ролду жаратууга жетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар