USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Казакстан Ооганстан боюнча Москвада өтө турган кеңешмеге катышат

14:52, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстан өкүлдөрү Ооганстан боюнча 4-сентябрда Москвада өтө турган экинчи жыйынга катышат. Бул тууралуу Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Айбек Смадияров билдирди.

«Казакстан Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча бардык форматтагы жолугушууларды колдойт. Казакстан ТИМи Ооганстандагы тынчтыкты камсыздоо боюнча 2017-жылы апрелде Москвада өткөн аймактык кеңешмеге катышкан. 4-сентябрда боло турган кеңешменин кийинки айлампасына дагы Казакстан өкүлдөрүн жөнөтөт», — деди ал. Айбек Смадияров казак делегациясынын курамы тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейин Орусия 12 өлкөгө, анын ичине Кошмо Штаттарга да чакыруу жөнөткөнүн кабарлаган. Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги билдиргендей, жолугушууга «Талибан» кыймылынын Дохадагы саясий кеңсесинин жетекчилиги да чакырылды. Вашингтон менен Кабул 22-августта Ооганстан боюнча Москва 4-сентябрга пландап жаткан кеңешмеге катышпай турганын билдиришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика