17:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тогуз айда инновациялык ыкма менен жарандардан 357 миллион сом салык чогулду

Ушул жылдын 9 айында инновациялык ыкма менен жарандардан 357 миллион сом салык чогулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,3 миң төлөмгө жана 40,5 миллион сомго көп.

«Эң эле көп төлөм терминалдары аркылуу 276,9 миллион сом суммасында 250 миң 781 төлөм жүргүзүлгөн. Салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн инновациялык башка методдорун да пайдаланышат. Алсак, банкомат аркылуу 17,3 миллион сомго 15 миң 925 төлөм, веб-кассалар — 40,8 миллион сомго 8 миң 940 төлөм, интернет-банкинг — 11,9 миллион сомго 14 миң 590 төлөм, мобилдик банкинг — 6,5 миллион сомго 10 миң 811 төлөм, электрондук капчык — 2,6 миллион сомго 3 миң 300 төлөм жүргүзүлгөн», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар