06:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Айып пулдардын өлчөмү азайтылганы менен, жолдогу видеокамералар көбөйтүлөт

Жогорку Кеӊеште "Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. «Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган", -дейт депутат.

Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи. «Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл», — деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам баардык жарандарга бирдей иштеши керектигин айтты. «Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот», — деди ал.

Ал эми депутат Жанар Акаев айып пулдардын өлчөмү азайтылганы менен, жолдогу видеокамералар көбөйтүлүп, көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлерин жарандарды бошоӊдотпой, азыртан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар