21:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Коопсуз шаар» долбоору башталгандан бери 686 миллион сом айып пул топтолду

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бери төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1 миллион 32 миң 673 токтом түзүлсө, анын 57,2 пайызы, же 590 миң 130 айыпул төлөндү.

Төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» ишке киргени Бишкек шаарында жол кырсыгы 52 пайызга, Чүй облусунун аймагында 44 пайызга азайды. 

Эң көп окулган жаңылыктар