11:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Момбеков: «Коопсуз шаар» боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Министрлер кабинетин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы менен түзүлгөн келишимден чыгууга чакырды.

Эл өкүлү 25-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында буга долбоорго тендер жарыялангандагы мыйзам бузуулар негиз болорун айтты.

Анын сөзүнө караганда, «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» Кытайдын банктарынан алган алты банктык кепилдиктин үчөө жасалма болуп чыккан. Ошондой эле Эсеп палатасы ишкана долбоорду ишке ашырууга өтө эле аз каражатты сунуштаганы шек жаратканын эскерткен.

«Тендер 5 миллиард 700 миллион сомго жарыяланган. Кытай компаниясы 2 миллиард 700 миллион сомго ишке ашырууну сунуштап 3 миллиард 173 миллион сомго аз көрсөтүп жатса ойлонуш керек да. Аларга айып пулдан түшкөн акча керек эмес. Бул компаниянын камералары автоунаанын номурун эле эмес, ичиндеги адамды да тааныйт», - деди ал. 

2019-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бир жыл аралыгында долбоорду ишке киргизүүгө милдеттүү болгон. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Бирок компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума