11:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коопсуз шаар. 24-декабрга чейин 896 миң 283 жол эрежесин бузуу катталды

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан кийин, ушул жылдын 4-мартынан 24-декабрга чейин 896 миң 283 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эреже бузуулар боюнча 479 миң 329 айдоочу айыппул төлөп, анын суммасы 572 миллион 564 миң 635 сомду түздү.

«Бишкек шаары менен Чүй облусунун камералары орнотулган жерлеринде жол кырсыктарынын азайганы байкалды. Бишкекте жалпы жол кырсыктарынын саны 40 пайызга төмөндөп, каза болгондор катталган жок. Чүй облусунда жол кырсыктарынын саны жалпы 50 пайызга азайды», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар