15:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сот залынан 10 ай мурда качып кеткен адам кармалды

Быйыл январь айында сот имаратынан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 айдан бери издөөдө жүргөн кылмышка шектүү адам облус аймагындагы Вознесеновка айылында жүргөн учурунда колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда милицияга каршылык көрсөткөн.

30 жаштагы кылмышка шектүү Октябрь райондук сотунда иши каралып жаткан учурда залдан качып чыгып кеткен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар