Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 16:00дө автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жаткан. 5-класстын окуучусу арткы эшиктен түшүп жатканда анын бир буту тыгылып калган.
«Айдоочу баланы көрбөй калып, автобусту айдап жөнөгөн. Кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып окуя болгон жерде жан берди», -деп айтылат маалыматта.