10:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Учурда АРИС жалпы суммасы 205 миллион доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда

Учурда АРИС жалпы суммасы 205 миллион доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын маалында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, айыл жергесин суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана санитариялык абалын жакшыртуу; социалдык жана экономикалык инфраструктуралык объектилерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу; мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыт жамааттарынын кирешесин көбөйтүүгө жана экономикалык жактан өсүүсүнө жардам берүү; сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу жана энергонатыйжалуулугу жогору технологияларды колдонуу менен шаардык инфраструктураны башкаруу долбоорлору ишке ашырылат.

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баа жеткис кенч, ошондуктан биз аяр жана үнөмдүү колдонууну камсыз кылышыбыз керек. Бул маселени комплекстүү чечүү менен жөнөкөй жарандардын жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүлөт, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүнү шарттайт» — деп белгиледи өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле суу объектилерин оңдоп-түздөө жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө тартылган каражаттарды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар