19:01
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны өсүүдө

Ушул жылдын 8 айында салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 44 миң 360ка көбөйгөн. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

Ал эми 1-октябрга карата 146 миң 71 колдонуучуну түздү.

«Анын ичинде 136 миң 58 салык төлөөчү отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен, ал эми 3 миң 257си — www.salyk.kg сайтынан «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервис аркылуу, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшырышкан. Мындан тышкары, сервис операторлору аркылуу салык отчетторун 6 миң 656 адам тапшырууда.

«Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу салык отчетторун тапшыруу салык төлөөчүлөргө ынгайлуу, анткени ал убакытты кыскартып, отчетторду электрондук түрдө жиберүүгө, анын ичинде электрондук патентти сатып алууга, салык кызматынын электрондук башка кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар