15:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Коопсуз шаар». Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 14 камера талкаланды

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 14 камера талкаланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул миллиондогон чыгымдарга дуушар кылган.

«Кол салуунун обьектиси катары аппараттык-программалык комплекстерден тышкары операторлор дагы дуушар болушууда. Бийик жерлерде бекитилген видеокамераларды талкалоо учурлары кездешүүдө. Кылмышкерлер ар кандай жолдор менен талкалап, ок атуучу курал менен видеокамераны атып, айрымдары видеокамераларды уурдаган учурлар болгон. Бейбаштык жана башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүп, милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөөгө алган», -деп айтылат маалыматта.

Аталган аппараттык-программалык комплекстердин баасы кымбат болгондуктан, ИИМ жарандарга кайрылуу жасады. Анда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылган же жарактан чыгаргандар мыйзамга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп жазылат.

Эң көп окулган жаңылыктар