18:38
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Андрей Малаховдун айткандары боюнча ТИМ Орусия элчисинин кеңешчисин чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, орусиялык дипломатка Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткандары боюнча билдирилди. ТИМдин өкүлү Орусиянын мамлекеттик телеканалдарындагы журналисттеринин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген.

Эске салсак, 24-сентябрда Андрей Малахов өзүнүн телеберүүсүндө меймандары менен биргеликте кыргызстандык Исламбек Акбаровду адам өлүмүнө күнөөлөгөн. Кыргызстандык орусиялык олигархтардын биринин баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар