15:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт башчы: Жылдын аягында тышкы карызды 46,5 пайызга кыскартабыз

2019-жылдын башынан бери инвестициянын көлөмү 394 миллион долларды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айтымында, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59 пайызга көп. «Бардык тармакта өсүү байкалууда, өнөр жай 10 пайызга, айыл чарба 1,6 пайызга өстү. Былтыр айыл чарбанын өсүшү 2,5 пайызды түзгөн, быйыл жыйым-теримдер толугу менен аяктай элек», — деди ал.

Маалыматка таянсак, быйыл экспорттун өсүшү 9,1 пайызды түзгөн, импорт 11,8 пайызга кыскарган.

«Ушул жылдын аягында тышкы карызды 46,5 пайызга кыскартабыз», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар