USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кубатбек Боронов: Энергетика тармагында реформа болмоюнча, баалар көтөрүлбөйт

12:14, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

«Энергетика тармагында реформа болмоюнча, баалар көтөрүлбөйт», -деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов КСДПнын отурумунда.

Анын айтымында, өкмөт орто мөөнөттүү баа саясатын бекитиши керек. Азырынча баалар 2019-жылдагыдай эле өзгөрбөй калат.

«Биз баа саясатынын эки вариантын карап чыктык. Бааларды жыл сайын инфляцияны эске алуу менен көтөрүү сунушталган. Анда ар бир жыл сайын баалардын өсүшү 4-5 тыйынды түзмөк. Экинчи вариант- мурунку бааны калтырмак. Биз азыр кайсыл вариантты тандайбыз деп талкуулап жатабыз. Акыркы чечим жок», -деди Кубатбек Боронов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика