12:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Унаа салыгын төлөбөгөн 1 миң 36 унаа ээлерине айыппул салынды

Республика аймагында 10 күндүк рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында унаа салыгын төлөбөгөн 1 миң 36 унаа ээлерине айыппул салынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 күндүк иш-чарада 11 миң 670 унаа токтотулган.

«Рейддин жыйынтыгында 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөштү, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди», — деп жазылат билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар миң сом, юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө) административдик айыпты, ага кошумча ар бир өткөн күнгө туум төлөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума