22:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Лутфилла Бусурманкул уулу: «Шүмшүк» ырымды айрыкча мырзалар жактырып жатат

Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен
Фото Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен

Лутфилла Бусурманкул уулунун селкилерге арналган «Шүмшүк» аттуу тамашалуу ыры коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ырчынын айтымында, ырга суроо-талап күч. Айымдар жактырбаганы менен мырзалар сүйгөнүн «шүмшүк» деп атап, ал чыгармага бийлөөгө каршы эмес экен.

— Эмне себептен чыгарманы «Шүмшүк» деп атадыңыз?

— Шүмшүк деген адабий тилде кеңири колдонулуп келген эле сөз. Бул жаман адамдарга карата айтылбайт, тың, ар кандай кырдаалдан оңой чыгып кеткен акылдуу кишилерди шүмшүк деп коюшат экен. Бул тамашалуу ыр болгондуктан ошондой атадык. Негизи кыздардын түрү болот да, жоош, тыпылдак, ак көңүл, ишенчээк, «шүмшүк» жана башка. Мында кыздарга карата жакшы мааниде, жакшы ой менен эле айтылган. Ырга суроо-талаптар бар, айрыкча той-топурларда көп жаңырат. Шаңдуу жана тамашалуу болгон үчүн, көңүл ачканга, бийлегенге ылайыктуу.

— Бул ырыңызга чейин шакирттериңизди сабаган видео талкуу жаратты эле. Кол алдыңыздагы балдарды катуу кармайт окшойсуз...

— Ооба катуу кармайм. Мен Гүлшайыр Садыбакасованын шакиртимин. Ырчы Юрий Бобков, режиссер Молдосейит Мамбетакунов, теле жаатында эмгектенген Ырыс Окенова, Зайнаш Каракүчүкова, Гүлсина Чотонова менен чоң казанда бирге кайнап, алардын тарбиясын алган үчүн, темирдей тартипти жана тактыкты шакирттерге да көргөзүшүм керек.

Ар бири өзүнүн маңдай тери менен ачка табышы керек деген талапты катуу коем. Өзүм үчүн тактыкты, кол алдымдагылар үчүн сактыкты талап кылам.

Бирок, кээде ичине ириңин катып жүргөн шакирттерим да болду. Алар менен акырындап мамилени үзгөнгө туура келди. Ал эми жогоруда кеп болгон балдарды урган видеону тамаша иретинде бирөөгө гана жөнөтмөкпүз. Бирок, балдарды урбайм, сөз менен гана тарбиялайм.

Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен
Фото Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен

— Продюсер катары кайсы ырчыны элге тааныта алдыңыз?

— Азыркы командадагы Темир Дамирбеков аттуу ырчы балам тасмага тартылууда, ошону менен чуркап жүрөбүз. Ал башкы ролдо ойнойт. Мындан сырткары Темирдин «Жүрөгүңө нур чач», ырчы Мурадил Данияровдун «Алтын апа» деген ырларына клип тарттык. Буга чейин менин кол алдымдагы жигиттер Кудайберди Айтбосунов, Мурадил Данияров жана Темир Дамирбеков жалгыз ырдап келишсе, эми трио ырдап башташат.

— Эмнеге продюсер болуу чечимин кабыл алдыңыз? Анткени айрымдар бул жумушту акыбети кайтпаган иш дешет?

— Мен белгилүү ырчылар менен иштешип калдым, бирок алардын атагы чыгып, менин атым чыккан жок.

Шоу-бизнесте сахнадан дагы, артында көп эмгектендим. Кесиптештер үчүн кадр сыртында көп эле чуркадым, ишин аткардым. Тилекке каршы, бир шампань, бир торт менен келип алдап кеткендери да болду.

Лутфилла Бусурманкул уулу
 Ошон үчүн расмий түрдө продюсер болууну туура көрдүм.

Ооба, бул жумуштун ыраазычылыгы болбой деле калат. Мисалы, ырчы Мурадил Данияровдун концертин мыкты кылып өткөрүү үчүн сахнаны гана кооз жасалгалабай, атайын самын, пакеттерди чыгарып, промоушн дагы жүргүздүм.

Ошондо, ыраазычылык ордуна «бул продюсердин милдети» деген сөз уктум. Кээ бири ичкен кудугуна түкүрөт экен, бул нерсе башымдан өттү.

— Кайсы мезгилде эл оозуна алынып, популярдуу болуп турдуңуз эле?

— 2005-жылы «Аллах» деген ырым чыкканда Ош шаарында абдан популярдуу болгонмун. Бирок, ал нерсени мен билбей өткөзүп жиберипмин. Көчөдө баратсам «Аллахты» ырдаган бала дешчү. Ошол ырымдын аркасы менен өзүмө музыкалык аппаратура, байкеме унаа алгам.

Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен
Фото Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке архивинен

— Келээрки парламенттик шайлоодо үгүт иштеринде ырчылардын ырдашына тыюу салып жатышат...

— Биз ырчылар талапкерлерге эл топтоп беребиз. Тыюу салса, ошончо эл чогулабы деген ой пайда болот.

— Клиптериңизде тоолор, жаратылыш көп колдонулат?

— Мен өзүм тоолорду, шаркыратма сууларды, балык кармаганды жакшы көрөм, андыктан клипке ошолор камтылган. Мал караган күндөрүмдү, жашоомдогу жакшы сүртүмдөрдү сагынып тарта берем. Өзүм Чоң-Алайда айылда эле чөп чаап, буудай ооруп, картошка казып, мал карап эле чоңойгонмун.

Эң көп окулган жаңылыктар