03:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ирактан 70ке жакын кыргызстандык балдар алып келинет

Ирактан 70ке жакын кыргызстандык балдар алып келинет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 70тей баланы мекенине алып келүү боюнча макулдашуу бар.

«Өкмөт өкүлдөрү Иракка барып келишет. Биздин жарандарды кайтаруу боюнча макулдашуу бар. Бирок, акыркы тизме ата-энелердин макулдугу алынгандан кийин белгилүү болот. Сириядагы балдарды кайтаруу боюнча дагы активдүү сүйлөшүү жүрүүдө. Бул маселе президент менен премьер-министрдин өзгөчө көзөмөлүндө», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар