15:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБге күзгү-кышкы жылуулук маалында «КонтактУглеПром» компаниясы көмүр ташыйт

Бишкек ЖЭБге Д, ДГ, Г үлгүсүндөгү көмүрлөрдү алып келүүчү тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Электрдик станциялар» ААКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖЭБге күзгү-кышкы жылуулук маалында «КонтактУглеПром» жоопкерчилиги чектелген өнөктөштүк көмүр ташымакчы. Компания 1 миллиард 27,2 миллион сомго 400 миң тонна көмүр алып келип берүүгө даяр.

«Көмүрдү ташып келүү графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген. Биринчи партия сентябрда келет», -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ушул жумада ДСШ үлгүсүндөгү көмүрдү алып келүүгө кайта тендер жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар