08:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мырза-Аке айылында белгисиз бирөөлөр аялды өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында белгисиз бирөөлөр бир аялды өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда милицияга өрттөнгөн үй тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Милиция окуя болгон жерге келгенде, 71 жаштагы үй ээсинин сөөгүн табышкан. Анын денесине 9 жолу бычак сайылган. Үйдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Тиешелүү экспертиза дайындалып, шектүүлөр изделүүдө», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар