USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Чүйдө кошуналардын жаңжалы адам өлүмү менен аяктады

11:08, 08 января 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда адам өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-январда милицияга Ставрополовка айылындагы үй-бүлөлүк жаңжал тууралуу билдирүү келип түшкөн. 31-декабрда жаңы жылдык майрам учурунда 47 жаштагы Х.В. мергенчи мылтыгы менен кошунасы 46 жаштагы М.Э.ни атып салганы аныкталды.

«Октон алган жаракатынан улам М.Э. ооруканага бараткан жолдо каза болду. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти ОИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика