09:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кара-Жыгачтын тургуну өгөй атасын өлтүрүүгө айыпталууда

Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Аны өгөй баласы өлтүрүп алганы айтылууда. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын билдирүүсүндө, 16-март күнү саат 8:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Жыгач айылындагы унаа жолдун жээгинен азиат улутуна окшош, болжол менен 40-45 жаштагы белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Соттук-медицианлык экспертизанын негизинде маркум муунтулуп өлтүрүлгөн, аны менен катар баш сөөгү жана кабыргаларынын басымдуу бөлүгү сынган.

Милициянын маалыматы боюнча, маркум Чүй облусундагы Ыссык-Ата районунун 51 жаштагы тургуну Н. С. аттуу жаран экени аныкталды. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам изилдөө жана тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү деп маркумдун өгөй баласы 26 жаштагы Ж. Д. аттуу жаран кармалды.

«Учурда адам өлтүрүүгө шектүү деп кармалган адам маркумдун өгөй баласы экени аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, окуя иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби