Угул жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 16 миллиард 204 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 8 миллиард 398,5 миллион сом, мамлекеттик ички карыз боюнча — 7 миллиард 805,5 миллион сом сарпталды.
Эске салсак, 30-июнга карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 миллиард 471,91 миллион АКШ долларын (310 миллиард 765,75 миллион сомду) түздү.