04:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орусиядагы Курган облусунда жол кырсыгы катталып, 2 кыргызстандык жабыркады

Орусиядагы Курган облусунда жол кырсыгы катталып, 2 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу «Уральский меридиан» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ Иртыш жолунда катталган. Жеңил унаа жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

«Иркутск облусунун тургуну жеңил унаасын башкарып бара жатып рулга ээ боло албай калган. Ал жүк ташуучу унааны сүзгөн. Жеңил унаанын ичиндеги кыргызстандык 2 жаран жаракат алышкан. Алардын бири- 1974-жылы туулган аял киши ооруканага жаткырылды. 2002-жылы туулган жигит амбулатордук дарылануудан өтүүдө», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар