06:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ирактан кыргызстандык балдарды алып келүүчү топ түзүлдү

Өкмөт Кыргызстандын жарандарынын балдарын алып келүү маселесин иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги атайын топ түзүлдү. Алар Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт. Жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына жөнөйт.

«Мекемелер аралык жумуш топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты», — дейт өкмөт.

Андан тышкары, Сириядагы кыргыз жарандары боюнча маалыматтар топтолууда.

«Балдарды алып келүү боюнча маселеге жардам берүүгө, колдоого даярдыгын билдирген көңүл кош карабаган жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Бул маселени саясатташтырбоого чакырат элек. Балдарды кайра алып келүү боюнча Ирактын расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп белгиледи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума