08:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Россияда автобустун жүргүнчүлөрүн куткарган кыргыз жигити сыйланды

Россиянын Пермь облусундагы жол кырсыгына учураган автобустун жүргүнчүлөрүн куткарган кыргыз жигити сыйланды. Бул тууралуу 59.ru порталы маалымдайт.

Пермь облусунун Ички иштер башкармалыгынын коомдук кеңеши Бекзат Максатбек уулуна ыраазычылык кат жана китеп тапшырды.

Эскерте кетсек, автобус 17-августта имаратты сүзүп алган. Анын ичинде 59 киши болгон. Жол кырсыгында бир аял каза тапты.

Пермде таксист болуп иштеген 20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу биринчилерден болуп жүргүнчүлөргө автобустан чыгууга жардам берип баштаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар