11:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Россияда көпүрө кулап мигранттар жабыркады. Кыргыз өкмөтү жардам көрсөтөт

Премьер-министри Кубатбек Боронов Москва облусунун (РФ) Ступин районунда кулаган көпүрөдө жабыркагандар мигранттарга жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчысы Кыргызчстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов менен сүйлөшүү учурунда билдирди.

Өкмөт башчы жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 27-сентябрда Россияда Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды.

Эң көп окулган жаңылыктар