10:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2022-жылдын алты айында 10 миң кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

2022-жылдын алты айында 10 миң 632 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Фергана агенттиги РФнын ИИМине шилтеп билдирди.

Маалыматка караганда, Борбордук азия өлкөлөрүнөн алты айда 121 миң 89 киши Россия паспортуна ээ болгон. 

Россия жарандыгын алуу боюнча Тажикстан алдынкы орунда турат. Жарым жылда 74 миң 162 тажик паспортун алмаштырган, казакстандыктар - 21 миң 647, өзбекстандыктар - 13 миң 99, кыргызстандыктар 10 миң 632, түркменстандыктар - 1 миң 549 адам. 

Россияда 14 миң 137 кыргыз жараны жашап туруу укугуна ээ болгон. 

516 миң 729 кыргызстандык миграциялык каттоого коюлган. 

Эң көп окулган жаңылыктар