20:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орус-казак чек арасында талаада калган кыргыздар эртең мекенине келет

Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктары эртең мекенине алып келет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, азыр дипломаттар Башкырстанда калган кыргыздарды Соль-Илецк шаарына ташып келүүдө.

Чек арадан өткөндөн кийин алар автобус менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Өтө көп адам топтолгондуктан биринчи топ 24-сентябрда, экинчиси 25-сентябрда алып келинет.

ТИМ мигранттарга орус-казак чек арасы жабык экенин жана шылуундарга ишенип жолго чыкпоону өтүнөт.

Белгилей кетсек, орус-казак чек арасында 3 миң 200 кыргыз жараны топтолду. Буга чейин дагы бир нече жолу Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен сүйлөшүп, чек арага топтолгон жарандарды өлкөгө алып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар