18:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эркин Асрандиев куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдө сүзүү маалында куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу «Азаттык» аталган фонддун маалымат катчысына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Эркин Асрандиев өзү куткаруу боюнча операцияга катышкан, колдогондорго ыраазычылык билдирди. Операцияга 17 куткаруу тартылып, атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон.

«Операцияга кеткен бардык чыгымдар төлөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кыла жүргөн иши катары кеткен чыгымды калыбына келтирүүдөн баш тартты. Эркин Шамшудинович аларга суучулдар кие турган атайын кийим белек кылды», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операцияны премьер-министр Мухеммадкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алган. Караңгыга калып, суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар