USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ӨКМнин куткаруучулары Ала-Арчада дайынсыз жоголгон балдарды табышты

16:53, 01 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм аман-эсен куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-августта «112» кызматына 15 жаштагы С.Э., С.У., Н.А. жана 16 жаштагы О.И. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.

Ыкчам чаралардын натыйжасында жаш балдар аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика