16:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Карек» кинофестивалы тасмаларды 5-октябрга чейин кабыл алат

IV Республикалык «Карек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн кинофестивалы тасмаларды 5-октябрга чейин кабыл алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага катышуу үчүн оюн, анимациялык же даректүү тасма тартыш керек. Анда «Мен жана үй-бүлөм», «Мен жана жаратылыш», «Бул менин дүйнөм» темаларынын бирин тандап, 10 мүнөткө чейинки тасма тартууга болот.

Фестивалга 10 жаштан 17 жашка чейинки балдар катыша алат.

Жеңүүүлөргө статуэтка, баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби