Жалал-Абад облусундагы кооз Кызыл-Үңкүр аймагында «Бейиш энелердин таман алдында» тасмасынын экинчи бөлүгү тартылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Бакиров Фейсбуктагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, тасма 2026-жылы экранга чыгат. Режиссёр Руслан Акун буга чейин социалдык тармактарга кийинки бөлүгү «Бейиш: Апага кат» деп аталарын жазган.
Тасма Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө — Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, жада калса Малайзияда да көрсөтүлгөн. Казакстанда тасма прокатка түшкөн төрт күндүн ичинде 1 миллион доллардан ашык кирешеси боюнча биринчи орунду ээлеген. Тасма бир катар эл аралык фестивалдарда да байгелүү орундарга ээ болгон.