10:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте 25 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштады

Бишкекте 25 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББ билдирди.

Маалыматка караганда, А.Г. аттуу кыз Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген.

«Жабырлануучуну тез жардам унаасы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишти. Учурда анын абалы туруктуу», -деп билдиришти ШИИББдан.

Окуя 31-августта болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар