13:41
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Томск облусунда тобурчак чогултуп жаткан кыргызстандыктар кармалды

Томск облусунда мөөнөтүнөн мурда тобурчак чогултуп жаткан 7 кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ТВ2 сайты жазды.

Кармалган жарандарга административдик иш козголду.

Маалыматка караганда, өз алдынча токой ресурстарын жок кылып, аларды жыйноодо айып пул салынат. Анда катардагы жарандар 500дөн миң рублга чейин, кызмат адамдары миңден 2 миң рублге чейин, юридикалык жактар 10 миңден 20 миң рублге чейин айып пул төлөшү мүмкүн.

Тобурчакты белгилүү бир мөөнөттө гана жыйноого уруксат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар