16:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык жаран Орусияга кирүү үчүн аты-жөнүн алмаштырган

Кыргызстандык жаран Орусияга кирүү үчүн аты-жөнүн алмаштырган. Эми аны Сургуттагы жатак абакка отургузушат. Бул тууралуу Югра прокуратурасынын сайты жазды.

Маалыматка караганда, 2015-жылы кыргызстандык жаранга административдик укук бузгандыгы үчүн Орусияга кирүүгө 5 жылга тыюу салынган. Бирок, 2016-жылдын декабрында ал аты-жөнүн алмаштырып чек араны кесип өткөн.

Сот шектүүнү 7 айга жатак абакка кести.

Эң көп окулган жаңылыктар