20:00
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкек-Анталия аба каттамы 11 саат кармалгандан кийин учууга кам көрдү

Бишкек-Анталия аба каттамы 11 саат кармалгандан кийин учууга кам көрдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Манас» аба майданынан билдиришти.

Учурда учакка отурууга кулактандыруу жарыяланды.

Маалыматка ылайык, каттам техникалык себептерден улам кармалган. Учак бүгүн таңкы саат 6да учуп кетиши керек болчу, бирок каттамдын учуу убактысын саат 15:00гө жылдырышкан. Аталган убакта учак учкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар