11:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент ак-талаалыктарга өлкөдөгү реформалар тууралуу айтып берди

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты. 

Президент ак-талаалыктарга бүт республикада аймактарды өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Бул жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү — салыктардан бошотуу же аларды кыскартуу, продукцияны сертификаттоо боюнча жаңы лабораторияларды куруу, айыл ишкерлерин колдоо боюнча финансылык институттардын ишмердиги, жеңилдетилген насыялоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана экологиялык таза продукцияны экспортко чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы реформалар, сот-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү.

Өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өттү.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болду, эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылат.

Эң көп окулган жаңылыктар