21:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кара-Суудагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мачак айылындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой, маркумдун сөөгү 6-августта каналдын жээгиндеги талдын түбүнөн табылган. Болжол менен 30-35 жашта. Анын өздүгүн аныктоо үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгы коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, бети тоголок, чачы жок, азиат улутунда.

Маалыматка ээ болгондор 102, (3232) 5-31-81, (03222) 5-81-28, 0777 11-63-93, 0550 05-9903 телефон номурлары аркылуу байланышка чыкса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар