15:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте милиция кызматкери асынган абалда табылды

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта милиция кызматкери асынган абалда табылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 5-февралда А.Ү. аттуу шаар тургуну аталган бөлүмгө арыз менен кайрылып, учурда милицияда иштеген, 45 жаштагы Ж.Б аттуу күйөөсү 4-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканына даттанган. Бул факт Маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

6-февраль, түшкү саат 13:55терде Бишкектин Ботаникалык багында, Шопен көчөсүнө жакын жерде Ж.Б аттуу жарандын денеси асынган абалда табылган. Сөөктү кароо учурунда кандайдыр бир зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Тиешелүү бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кийинчерээк кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Мунун алдында Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен мурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон жана учурда Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн биринде иштеген кызматкер паркта асынган абалда табылганын жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар