15:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдо стадиондун жанындагы чуңкурдан 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

Караколдо стадиондун жанындагы чуңкурдан 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык 30-октябрда милицияга жергиликтүү тургун 13 жаштагы уулун таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал ошол күнү мектепке кетип, кайтып келген эмес. Арыз ички иштер башкармалыгына катталып, издөө иштери башталган.

Кийинчерээк милицияга шаардык стадиондун жанындагы чуңкурдан бир баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал арыз ээсинин уулу экени аныкталды.

Тергөө иштери жүрүп, экспертизалар дайындалып, окуянын жагдайлары териштирилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар