16:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Лейлек районунда белгисиз аялдын сөөгү табылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда белгисиз аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 35-40 жаштагы аялдын сөөгү 23-ноябрда Кулунду-Жаңы-Жер унаа жолунда табылган. 

«Аялдын денесинде зомбулуктун белгилери аныкталды. Анын үстүндө күлгүн түстөгү куртка, бутунда кара лосина болгон. Колунда кызыл таштуу шакек тагылган. Анын чөнтөгүнөн 25 тажик сомониси табылды. Факт боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдиришти ОИИББдан. 

Эң көп окулган жаңылыктар