11:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өспүрүм кызды зордуктоого шектүү делген тууганы издөөгө алынды

15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү делген 32 жаштагы тууганы издөөгө алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августта Москва РИИБга 48 жаштагы аял кайрылып, А.Б. аттуу күйөө баласына чара көрүүнү суранган. Шектүү ушул жылдын майынан бери анын өспүрүм кызын зордуктап келген.

Шектүүнү суракка чакырышкан, бирок баардык жагдайлар ачыкталмайынча деп аны үйүнө жиберип коюшкан. Ал экинчи суракка келген эмес.

ОИИББдан билдиришкендей, алгач жабырлануучу кыз жыныстык катнаш болгон эмес деп айткан. Кийин гана ал окуя тууралуу айтып, каршы көрсөтмө берген. Шектүүгө карата сыртынан баш коргоо чарасы кабыл алынып, камакка алуу чечими чыкты. Учурда ал изделип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар