USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Жети-Өгүздө зордукталган кызды активисттер менен адвокаттар коргоого алышты

10:29, 18 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында зордукталган тогуз жашар кызды активисттер менен адвокаттар коргоого алышты. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду билдирди.

Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова менен адвокат Индира Саутова баланын апасы жардам сурап кайрылганын билдирди.

Фонд жабыркаган кызды коргоону эффективдүү уюштуруу максатында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен туруктуу байланыш түзүлүп жатканын белгиледи.

Барскоондо тогуз жашар кыздын зордукталышын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги көзөмөлгө алган.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмыш иши козголду.

«Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. ИИМдин жетекчилиги мындай фактыларды көңүл сыртында калтырбайт жана күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жазага тартылат».

Министрлик зордуктоого шектүү катары айылдын 19-25 жаштагы эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынганын, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканын маалымдады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика