19:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өспүрүмдү зордуктоо: Жогорку Сот бир шектүүнүн жаза мөөнөтүн көбөйттү

Жогорку Сот 22-мартта 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону 5-апрелге жылдырды.

Буга айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду.

5-апрелде Жогорку Сот 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону улантты.

Анда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучунун жазасын алты жылдан 7,5 жылга өзгөрткөн чечим чыгарды.

Экинчи милиция кызматкери менен үчүнчү айыпталуучу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейинки соттук отурум 22-мартта өтүп, айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы үчүн ишти кароо 5-апрелге жылдырылган.

Ошол күнү Жогорку Соттун имаратынын алдына калыс жана акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акция өткөрүп, айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн кыскартпоону талап кылышкан.

Секелектин зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге — эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган.

Былтыр 30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган.

Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучуну алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

13-мартта Жогорку Сот бул ишке айыпталган төртүнчү кишиге карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

2022-жылы 2-июлда «Азаттык» милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялаган. Мындан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар