18:12
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартышты

Экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартышты. Мындай чечимди Чүй облустук соту кабыл алды.

Жактоочу Шерабидин Токтосуновдун айтымында, чечим бир жактуу жана мыйзамсыз. Садыр Жапаров күнөөлөнүп жаткан Жазык кодексинин беренелери мурда өтө оор болуп саналса, жаңы кодекстер боюнча алар өтө оор эмес кылмыш болуп саналат.

«Бир беренени такыр алып салышты. Садыр Жапаровго карата 2014-жылкы мунапыс тууралуу мыйзам колдонулушу керек. Ошондо жазалоо мөөнөтү 3 жыл 4 айга кыскармак», -деди жактоочу.

Юристтер жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иштин кайра каралышына аракет кылышат.

Эске салсак, 16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар