23:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкектин тургуну Венера Кызылакова соттон адилеттүүлүктү талап кылууда

Бишкектин тургуну Венера Кызылакова соттон адилеттүүлүктү талап кылууда. Ал өз өмүрүнө кол сала тургандыгын 24.kg агенттигине айтты. 

Анын билдирүүсүндө, Жогорку сотко жана Башкы прокурорго анын иши боюнча адилеттүү териштирүү тууралуу талаптарын билдирген. Бирок, анын айткандары аткарылган жок. Эми арыз ээси президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, соттук башаламандыкты токтотууну суранууда.

«Эжем экөөбүз Ак үйдүн алдына пикетке чыгабыз. Биздин талаптар аткарылбаса, өз өмүрүбүзгө кол салабыз», -деди ал.

Белгилей кетсек, Венера Кызылакованын мурунку жолдошу Бакыт Курулуев турак жай болбогон имаратты анын эжеси Айнурага каттатып, дүкөн ачып алган. Бирок, ажырашуу маалында ал Венера соода түйүндү жолдошунун макулдугу жок өз тууганына документтеги колду жасалмалап каттатып алганын айткан. Кызалаковага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, Кызалакова тергөө бир тараптуу болуп жатканын айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар