00:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жарым жылда мамлекеттик чек арадан 11 миллион 600 миң киши өткөн

Жарым жылда мамлекеттик чек арадан 11 миллион 600 миң киши өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик чек арадан 863 миң 638 унаа өткөн.

«Жарым жыл ичинде мамлекеттик чек араны бузган 86 киши кармалып, 2 миң 364 кишинин документтери жараксыз болуп чыккан. Муну менен катар 757 киши депортацияланган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар